Алгачкы коңгуроо: Токмокто 1,5 миң окуучу мектеп босогосун аттады

Билим АКИpress - Чүй облусунун Токмок шаарындагы мектептерде Билим күнү белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Анын маалыматы боюнча, Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев, Токмок-Чүй шаардык-райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Айткүл Кибирбаева №5 орто мектептин салтанатына катышып, окуучуларга ийгиликтерди каалашты.

Окуучулардын сапаттуу билим алуусу жана мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоо үчүн, Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында мектеп жамаатына Д.Амангелдиевдин демилгеси менен мэриянын атынан жабдыктары менен 8 компьютер жана интерактивдүү такта тартуу кылынды. Салтанаттуу кече алгачкы коңгуроону кагуу менен аяктады.

Аталган мектептин босогосун 62 окуучу аттады.

2019-2020-окуу жылында Токмок шаары боюнча 1 миң 500дөн ашык бала 1-класска кирет. Шаардык билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, бул сан дагы өсүшү мүмкүн. Анткени кээ бир мектептерде кабыл алуу токтой элек.

Шаар боюнча 1-класстын окуучулары эң көп кабыл алынган мектеп №3 орто мектеп болду. Ага 228 окуучу кабыл алынды. Андан сырткары №2 орто мектепке 200 окуучу, №1 мектеп-гимназияга 190 окуучу кабыл алынды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up