Биринчи вице-премьер К.Боронов Ноокат жана Кара-Суудагы жаңы мектептердин ачылышына катышты

Билим АКИpress - Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Ош облусунун Ноокат жана Кара-Суу райондорундагы жаңы мектептердин ачылыш аземдерине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

К.Боронов Билим күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарага катышып, окуучуларды жана мугалимдерди өкмөттүн атынан жаңы окуу жылдын ийгиликтүү башталышы менен куттуктады.

«Жаңы окуу жылында 1 миллиондон ашык бала билим алуу үчүн мектепке барат. Өлкө боюнча 80 миңге жакын мугалим балдарды тартипке, улуу-кичүүнү сыйлоого жана эң негизгиси мекенге болгон сүйүүгө чакырган милдеттерин аткарууга киришти. Быйыл республика боюнча биринчи класска 156 миң бала барат, аларга жаңы жашоонун — жаңы билимдин эшиги ачылууда. Келечекте татыктуу инсан болуу үчүн мен силерге жакшы билим алууну каалайм», - деди ал окуучуларга кайрылып жатып.

Биринчи вице-премьер-министр өлкө президенти быйылкы жылды бекеринен Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялабаганын айтты.

«Эгер айыл өнүксө, албетте экономика дагы өнүгөт жана биздин жарандардын жашоосу жакшы жакка өзгөрөт. Президент жана өкмөт коюлган максатка жетүү үчүн болгон күчүн жумшап жатат. Аймактарды өнүктүрүүгө 2 млрд сом бөлүнүүдө. Билим берүү тармагы боюнча айтсак, 2012-жылы билим берүүгө 21 млрд сом бөлүнгөн болсо, акыркы 3 жылдын ичинде бул сумма 30 млрд сомго чейин көтөрүлгөн. Бул абдан жакшы көрсөткүч», - деди ал.

К.Бороновдун айтымында, ар бир баланы жеткиликтүү, сапаттуу жана заманбап билим берүү менен камсыздоо үчүн өлкө боюнча 100 обьект курулууда. Ар бир мектеп интернетке кошулуп жатат. Социалдык төлөм жана айлык акы, ошондой эле мугалимдердин маянасына 30%га чейин көтөрүлүүдө.

Биринчи вице-премьер-министр өкмөттүн атынан мектеп жетекчилигине компьютердик жабдуулардын топтомун алууга сертификат тапшырды.

Маалымдама: Ош облусунун Кара-Суу районундагы Стант айылындагы «Пионердин 50 жылдыгы» атындагы толук эмес орто мектеп 225 окуучуга ылайыкталган. Курулуш иши 2014-жылы башталган.

Ош облусунун Ноокат районундагы Он-Эки-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Живпром тилкесиндеги мектеп 275 балага ылайыкталды. Ал эми Кара-Суу районундагы Ак-Өргө айылындагы мектепте 720 орун бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up