Баткенде 4 жаңы мектептин ачылышы болду (сүрөт)

Билим АКИpress - Билим күнүндө Баткен облусунда 4 мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Кадамжай районунун А.Орозбеков, А.Масалиев, Майдан айыл аймактарындагы мектептердин ачылыш аземине өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов катышты. Алар окуучуларды жана мугалимдерди Билим күнү жана жаңы мектептин ачылышы менен куттукташты.

А.Мадумаров жаңыдан пайдаланууга берилген мектептердин ар бирине сыналгы белек кылды. Ошондой эле мектептин алдыңкы мугалимдерине, мектептин курулушуна салым кошкон инсандарга сыйлык тапшырды.

Пайдаланууга берилип жаткан Орозбеков айыл аймагындагы «Охна» гимназия мектебинин 225 орундуу кошумча имаратынын курулушуна республикалык бюджеттен 59 млн сомдон ашык каражат жумшалып, спорт зал, ашкана сыяктуу бардык керек болгон шарттар түзүлдү. Буга чейин аталган мектептин имараты жер титирөөдөн соң кооптуу абалга келип, 1 миң 200дөн ашуун окуучу 3 нөөмөт менен билим алып келишкен.

Ал эми Масалиев айыл аймагындагы А.Орозбеков орто мектебинин 125 орундуу кошумча имараты кайрымдуулук фонддун колдоосу менен 20 млн сомго бүткөрүлдү. Буга чейин айылдын окуучулары ашар жолу менен курулган эски маданият үйүнүн имаратында билим алып келишкен.

Майдан айыл аймагындагы «Исфайрам» орто мектеби 275 орунга ылайыкташып, курулушу 59 млн сомго бүткөрүлдү. Мектептин имараты мындан 40 жыл мурда курулуп, эскилиги жеткен болчу.

Лейлек районунун Ак-Суу айыл аймагындагы М.Горький атындагы орто мектеби 475 орунга ылайыкташып, курулуштун сметалык баасы 62 млн 665 миң сомду түзгөн.

Бугүнкү күндө Баткен облусунда дагы 17 мектептин курулушу журүүдө. Алардын көпчүлүгү республикалык бюджеттин каржылоосу менен башталган. Ал эми жер-жерлерде мектеп көйгөйүн, жергиликтүү бийлик инвестиция тартуу, донорлор менен иштешүүнүн натыйжасында чечүүдө.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up