Нарындагы мектептердин босогосун 1 миң 16 окуучу аттады (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы бардык билим берүү мекемелеринде Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чаралар менен жаңы окуу жылы башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мэриядан билдиришти.

Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов шаардагы №1 Токтогул атындагы орто мектепте өткөрүлгөн алгачкы коңгуроо аземине катышып, педагогикалык жамаатты жана окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Ал өз сөзүндө улуу акын-демократ Токтогул Сатылгановдун ысымын алып жүргөн бул билим уясы 1941-жылдан бери 15 миңден ашык окуучуларды турмуш жолуна узатканын, бүтүрүүчүлөрдүн арасында академик Үсөн Асанов, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин баштаган бир катар улуу инсандар чыкканын белгиледи. Ошондой эле мектеп окуучуларына окуудагы жетишкендиктерди, мугалимдер жамаатына ийгилик, ынтымак каалады.

Майрамдык линейканын соңунда алгачкы коңгуроо кагылып, бардык мектептерде коомдук жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын баатыры Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган тарбиялык сааттар өтүлдү.

Быйылкы окуу жылында Нарын шаарындагы орто мектептерде 1-класстын босогосун 1 миң 16 окуучу аттады. Ал эми орто мектептерде билим ала турган жалпы окуучулардын саны болжолдуу түрдө — 8 миң 700.

Жаңы окуу жылына карата мектептердин жана бала бакчалардын кезектеги оңдоп-түзөө иштерине жана башка керектөөлөрүнө Нарын шаарынын жергиликтүү бюджетинен 2 млн 332 миң сом бөлүнүп берилип, даярдыктар көрүлгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up