Сокулуктагы мектепте 1-класстар үчүн 13 класс ачылды

Билим АКИpress - Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка инновациялык окуу-тарбиялык билим берүү комплекс-лицейинде 1-класстар үчүн 13 класс ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Чүй облусунун Сокулук районундагы бардык мектептерде алгачкы коңгуроо кагылды.

Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка иновациялык окуу-тарбиялык билим берүү комплекс-лицейиндеги салтанатка Сокулук районунун акими Асылбек Сатывалдиев жана райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Максат Молдалиева катышты.

Аталган мектепте 1-класска кирген окуучулардын саны көп болуп, учурда 13 класс ачылды. Райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришкендей, бул дагы чек эмес. Анткени азыр да 1-класска жазылгандардын саны көп. Ар бир класста аз дегенде 30дан окуучу бар.

Сокулук району боюнча быйыл 4 миң 200 окуучу мектеп босогосун аттады.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up