Баткен районунда 13 мектеп «Акылдуу мектеп» долбооруна кирди

Билим АКИpress - Баткен районунда 13 мектеп «Акылдуу мектеп» долбооруна киргизилди. Бул тууралуу Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кадырова билдирди.

Анын айтымында, долбоорго дагы 5 мектепти киргизүүгө сунуш берилди. Район аймагында жалпы 53 мектеп болсо, алардын дээрлик бардыгы бул долбоорго киргизилет. Болгону Зардалы айылындагы башталгыч класстарды окутуучу мектепте интернет байланышы жок болгондуктан кыйынчылык жаратып келет.

«2019-2020-окуу жылынын аягына чейин дагы 10 мектеп «Акылдуу мектеп» долбооруна киргизилет», - деди К.Кадырова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up