Панфиловдогу бүтүрүүчүлөр 1-класстын окуучуларына ыр арнашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Панфилов районундагы Вознесеновка орто мектебинде 2-сентябрда жаңы окуу жылына арналган салтанаттуу линейка бүтүрүүчүлөрдүн 1-класстын окуучуларына ыр арноосу менен коштолду. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн окуу-усулдук бөлүмүнүн башчысы Нарынкүл Өзүбекова аймактык кабарчыга маалымдады.

Анын айтымында, Вознесеновка орто мектебинде окутуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт. Жыл сайын мектепте окуучулардын саны артып барат. Үстүбүздөгү окуу жылында 50гө жакын мугалим миңден ашуун окуучуларга билим-тарбия беришет. Учурда 1-класска 100дөн ашуун бала келди.

«Мектепте 2-сентябрь күнү жаңы окуу жылына карата салтанаттуу линейка болуп өттү. Ага мугалимдер, ата-энелер жана райондук билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү катышты. Иш-чарада алгачкы коңгуроо кагылып, бүтүрүүчүлөр 1-класстын окуучуларына мектеп, билим, мугалим, ата-эне жана мекен жөнүндө ырларды арнашты. Ал эми жаш жеткинчектер да ага-эжелерине ыр түрүндөгү каалоо-тилектерин билдиришти. Салтанаттуу жыйындан кийин окуучулар класстарга киришип, класс жетекчилери жана мугалимдер менен биргеликте алгачкы класстык сааттарды өтүштү. Анда белгиленген темалардан сырткары, окуу процессин жүргүзүү тартиби, жол коопсуздугу, мектеп формасы жана окуу куралдары менен камсыздоо маселелери жөнүндө айтылды», - деди Н.Өзүбекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up