Чүй облустук китепканада терроризм тууралуу маалымат беришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Кечээ, 3-сентябрь күнү Чүй облустук китепканада терроризмге каршы күрөшүүгө тилектештик күнү белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Кант шаарындагы аскердик базанын кызматкерлери, китепкана кызматкерлери жана мектеп окуучулары катышты. Россияда жана Кыргызстанда болгон теракттык окуялар, жакындарынан айрылган адамдар жөнүндө маалымат берилди.

Ошондой эле аскер кызматкерлери терроризм менен күрөшүүдө баарылап, чогуу күрөшүү өзүнүн натыйжасын берип, элдин ынтымагы радикалдык топтордун жакындоосуна жол бербей турганын баса белгилешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up