Дмитриевкада окуучуларды патриоттуулукка тарбиялашты

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Дмитриевка орто мектебинде Кант учак базасындагы аскер кызматкерлеринин катышуусунда патриоттуулукка арналган сабак өттү. Бул тууралуу аталган мектептен билдиришти.

«Сабактын максаты — окуучулардын Ата Мекенин сүйүү жана ага кызмат кылуу, патриоттук сезимдерин ойготуу болуп эсептелет.

Иш-чарада ата-бабалардын мекенди коргоодогу эрдиктери айтылды. Окуучуларды аскерге кандай кызмат кылуу керек, ага даярдык тууралуу суроолор кызыктырды. Сабактын соңунда окуучулар жана мугалимдер келген конокторго ыраазычылык билдирип, аскердик базага экскурсияга чакыруу алышты», - деп айтылат маалыматта.

Мындай патриоттук сабактар Чүй облусунун 5 мектебинде өткөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up