Сүрөт — Нарындагы Кеңеш айылындагы мектептин долбоору иштелип чыкты, - Мамкурулуш

Проект школы в селе Кенеш Нарынской области
Проект школы в селе Кенеш Нарынской области
// Госстрой

Билим АКИpress - Нарын облусунун Кеңеш айылындагы К.Абиров атындагы орто мекттебинин жаңы долбоору мамлекеттик экспертизадан өтүп жатат. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай коммуналдык чарба агенттигинен билдиришти.

Мамкурулуштун маалыматы боюнча, долбоор 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башаталган.

«Жаңы мектеп 150 орундуу болот. Азыркы учурда долбоор мамлекеттик экспертизадан өтүп жатат. Оң корутунду алгандан кийин объекттин сметалык наркы такталат», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Мамкурулуштан билдиришкендей, мектеп ашар жолу менен курулган. Окуу имараты 2 корпустан турган: биринчиси 1973-жылы, экинчиси 1990-жылы салынган. Ал 120 окуучулук орунга эсептелген. «Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча, мектепте 142 окуучу окуйт, имарат авариялык абалда», - деп белгилешти Мамкурулуштан.

Мурдараак «Турмуш» Нарын районунун Кеңеш айылындагы балдар мобилдик үйлөрдө окуп жатышканын маалымдаган. Жаңы окуу жылынын алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 6 даана мобилдик үйлөр алынып келип орнотулду. Анда 150гө чукул бала эки нөөмөт менен окуп баштады. Быйыл 1-класска 15 жана даярдоо классына 10 бала кабыл алынган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up