Контейнерден мектеп ачып, аким өзүн да, премьерди да, бизди да уят кылды, - депутат

Билим АКИpress - Депутат Жыргалбек Турускулов («Республика — Ата Журт») контейнерден мектеп ачкан Нарын районунун акими Семетей Черикбаевдин жоопкерчилигин кароо керек деп эсептейт.

Нарын районунун Кеңеш айылында 2-сентябрда контейнер-мектептин ачылышы болгон. Мектептин эски имараты авариялык абалда.

Турускуловдун ою боюнча, аким менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаңы мектеп куруу боюнча маселени чечүү үчүн болгон эшикти каккылашы керек болчу.

«Бирок алар уялбай туруп, контейнерден мектеп ачышты. Аким өзүн да, премьер-министрди да, мамлекетти да уят кылды. Жоопкерчилигин кароо керек. Акимге карата сөзсүз чара көрүү зарыл. Сүрөттөрдө ал президиумда отурат, ал баарыбызды уят кылды», - деди депутат.

Андан тышкары, ал мугалимдердин айлыгын көтөрүү маселесин козгоп өттү. «Ошондой эле медиктердин айлыгы тууралуу да айтылган. Каржылоо булагы боюнча так маалымат бергиле. Мурда категориялар боюнча эмгек акы көтөрүлөт деп айтышчу, бирок иш жүзүндө айлык төмөндөп кеткен», - деди Турускулов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up