Кочкордогу мектепте Турсун Молдоева атындагы кыргыз тил кабинети ачылды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы С.Орозбаков атындагы орто мектебинде Турсун Молдоева атындагы кыргыз тили жана адабияты кабинети ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин директору Нурлан Бакиров билдирди.

Анын маалыматы боюнча, кабинетти Турсун Молдоеванын неберелери жасалгалап, 100 миң сом каражат жумшашкан.

Т.Молдоева 1930-жылы Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылында туулган. 1948-жылы Кочкор кыштагындагы Калинин атындагы орто мектебин аяктап, Фрунзе шаарында мугалимдердин орто окуу жайын, кийин пединститутта билим алган. Эмгек жолун 1952-жылы Кочкор районундагы Кара-Суу орто мектебинде мугалим болуу менен баштаган. Ошол эле мектепте 1951-52-жылдары директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары болуп иштеген. 1952-1977-жылдары Кара-Күнгөй айылындагы Фрунзе атындагы орто мектебинде мугалим, 1977-1983-жылдары Кара-Саз айылдык 8 жылдык мектебинде директор болуп эмгектенген.

1983-жылдары Кара-Саз айылында 2 кабаттуу Сагынбай Орозбаков атындагы орто мектеби курулган. Бул мектепти куруу жана ага залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун ысымын коюуда Т.Молдоева зор эмгек өтөгөн.

1983-1988-жылдары Сагынбай Орозбаков атындагы мектептин директору болуп иштеген. 1988-жылы ардактуу эс алууга чыккан. Ал көптөгөн мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

2 уул, 3 кызды тарбиялап-өстүргөн ардактуу мугалим 2003-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын уулдары тарабынан 5-6 жылдан бери жакшы окуган окуучуларга Турсун Молдоева атындагы стипендия берилип жатат.

Мектептин алгачкы директору Турсун Молдоева атындагы кыргыз тили жана адабияты кабинетинин ачылыш аземине анын туугандары, бирге иштеген замандаштары, окуучулары, мектеп мугалимдери катышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up