Сокулукта хиджаб кийген окуучуларды мектепке киргизбей коюшкан. Министрликтин жообу

Билим АКИpress - Сокулук районундагы Жаңы-Пахта айылында хиджаб кийген окуучу кыздарды мектепке киргизбей коюшту. Бул тууралуу «Репортерго» окуучулардын агасы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашкандай, Конституцияга ылайык, Кыргызстан динден тышкаркы мамлекет болуп эсептелет. Жалпы билим берүүчү мектептер да динден тышкары болот.

«Өкмөт тарабынан мектептик формага сунуштамалар бекитилген, алардын арасында үстү кара, асты ак формалар бар. «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзам менен билим берүү уюмдарында динден тышкаркы мүнөздөгү окутуу киргизилген», - деп белгилешти министрликтен.

Токтомго ылайык, бардык окуучулар мектептик форма кийиши керек. «Хиджаб кийген кыздарга мектеп жетекчилери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө», - дешти министрликтен.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up