Ысык-Атада окуучулар менен мугалимдерге өрт коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүштү (сүрөт)

Билим АКИpress - Ысык-Ата районунун Интернационал айылында жайгашкан «Актилек» орто мектебинде 5-сентябрда өрт-тактикалык окутуу болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Окутуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Ысык-Ата райондук өрт өчүрүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө 434 окуучуга жана 30 мугалимге өрт коопсуздугунун эрежелери тууралуу сабак өтүлдү.

5-октябрь — Кыргызстанда кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедовдун буйругу менен 2019-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрга чейин өлкөнүн бардык облустарында жана Бишкек, Ош шаарларында иш-чаралар өтөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up