Контейнердеги окуучулар суукта кайда билим алышат?

Жаңылыктар | 13:45, 9-сентябрь 2019 | Жаңыртылган 15:55, 9 сентябрь 2019 | 475

Билим АКИpress - Нарын районунун Кеңеш айылындагы окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлүп, ал жактан окуусун улантат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын Нарын облусуна жасаган иш сапары учурунда маалым болду.

Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, окуучулар айылдык Маданият үйүнө көчүрүлөт. Бул имаратты билим берүү багытына өзгөртүү үчүн тиешелүү акча каражаты каралды. Учурда оңдоп-түздөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле жакынкы арада Кеңеш айылында жаңы мектептин имаратын куруу иштери башталат, анын долбоордук-сметалык документтери даяр.

Кеңеш айылындагы мектептин эки окуу имараты бар, анын бирөө авариялык абалда, ал эми экинчисинде балдар билим алууда.

Вице-премьер-министр иш сапарынын алкагында Кочкор, Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы авариялык абалдагы мектептерди көрдү. Андан тышкары, Кочкор районунун Кара-Мойнок жана Дөң-Алыш айылдарындагы жаңы мектептердин ачылышына катышты.

А.Өмүрбекова өкмөт авариялык абалдагы мектептер боюнча маселени жакынкы жылдары чечүү милдетин койгонун кошумчалады.

Маалымдама: Учурда Нарын облусу боюнча 18 объекттин курулуш иши жүрүп жатат. Анын ичинде Ат-Башы районунда 2 бала бакча, Ак-Талаа районунда 2 мектеп жана 1 кошумча курулуш, Жумгал районунда 3 мектеп жана 1 кошумча курулуш, Кочкор районунда 4 мектеп, 2 кошумча имарат, 2 спорт зал, Нарын районунда спорт залдын курулушу жүрүүдө.

Тема боюнча окуңуз:

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up