Ак-Талаадагы мектептер менен бала бакчаларда комуз күүлөрү жаңырды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы мектептерде жана бала бакчаларда Комуз күнү салтанаттуу белгиленип жатат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 9-сентябрь күнү райондогу жалпы билим берүүчү мектептерде жана бала бакчаларда комузду даңазалаган салтанаттуу кечелер өткөрүлүп, ага мугалимдер, окуучулар жана комузчулар катышты. Салтанаттын жүрүшүндө комуз ийриминин мугалимдери жана комузчулар комуздун тарыхы, анын түзүлүшү туурасында окуучуларга баяндама жасашты.

Андан сырткары айылдагы комузчулар менен жолугушуу кечелери болуп, белгилүү комузчулардын күүлөрү жаңырды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up