Баетов айылындагы мектепке 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 60 миң сомго жалюзи алып беришти (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебине 20 жылдык бүтүрүүчүлөр 60 миң сомго жалюзи алып беришти. Бул тууралуу аталган мектептин директору Астра Токтогулова билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектептин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү терезелер үчүн 60 миң сомго жалюзи алып беришти.

Андан сырткары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 89 миң сомго жылытуу системасы оңдоп-түзөөдөн өтсө, жеке ишкер Болот Бекчоров 20 миң сомго санариптештирилген акылдуу коңгуроо системасын орнотуп берген.

«Биздин мектеп жаңы окуу жылын жаңы дем менен баштаганын белгилей кетсем болот. Себеби мугалимдердин, техникалык кызматкерлердин, ата-энелердин жана жергиликтүү бийликтин жардамы менен «Коопсуз мектептин» талаптарын аткарууга аракет жасадык. Мамлекет тарабынан берилген акчадан сырткары демөөрчүлөрдүн жардамы менен 124 миң сом кошумча каражат чогулуп, оңдоо иштерин сапаттуу бүткөрүп алдык. Ашканага кафель чаптаттык. Жеке ишкер Талант Мусабаев, Асылбек Чотуров жана Эдил Беккелдиевдин колдоосу менен жаңы кабинеттер жасалгаланды. Аракеттин акыбети кайтып, 2019-2020-окуу жылына карата мектептердин даярдыгы боюнча сынакта 2-орунду камсыздадык», - деди А.Токтогулова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up