Ивановка №1 мектеп-гимназиясында Комуз күнү белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Ч.Айтматов атындагы Ивановка №1 мектеп-гимназиясында Комуз күнү белгиленди. Бул тууралуу аталган мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары Анара Жумабекова аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мектепте комуз ийрими былтыр ачылган. «Таланттуу окуучуларыбыз 1 жылдан бери күүлөрдү үйрөнүшүп, ар кандай фестиваль, иш-чараларга катышып жатышат. Былтыр Бишкек шаарына барып, салттуу музыка жумалыгынын жабылышына катышып келишкен. Андан сырткары, бизде «Устат-шакирт» фонду да иш алып барат. Быйыл дагы ооз комуз черткенди үйрөнүп жатышат.

Ал эми Комуз күнүндө залкар комузчулар жөнүндө, комуздун тарыхы, түзүлүшү тууралуу маалыматтар берилип, комузга арналган ырлар көркөм окулуп, комузда кол ойнотушту», - деп айтып берди А.Жумабекова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up