Билим берүүнүн сапаты боюнча Кыргызстан 144 өлкөнүн ичинен 140-орунда турат, - депутат

Бакыт Торобаев
Бакыт Торобаев

Билим АКИpress - Билим сапаты боюнча Кыргызстан 144 өлкөнүн ичинен 140-орунда турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште Каныбек Исаковдун билим берүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан жыйында депутат Бакыт Төрөбаев («Өнүгүү-Прогресс») билдирди.

Ал К.Исаковго министрликтин саясий ишине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштады.

«Экономиканы ден соолугу чың, билимдүү адам көтөрөт. Эл аралык деңгээлге чыгыш керек. 144 өлкөнүн ичинен биз 140-орунда турабыз. PISA боюнча иш кандай экенин билесиздер», - деди Төрөбаев.

Ошондой эле депутат мектепке чейинки билим берүүгө көңүл бурууну суранды. «Бала бакчага барган жана барбаган балдардын деңгээлдери ар кандай. Эгер сиз ишке комплекстүү мамиле кылсаңыз, анда сиз туура саясат жүргүзөсүз», - деп кеңеш берди Төрөбаев.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up