Окуучулар жол кире төлөөдөн бошотулабы?

Билим АКИpress - Аймактардагы мугалимдер бюрократияга малынганын айтып, арызданышууда. Бул тууралуу 11-сентябрда Жогорку Кеңеште Каныбек Исаковдун билим берүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан жыйында депутат Эльвира Сурабалдиева («Республика —Ата Журт») билдирди.

Анын айтымында, мугалимдер санариптештирүү доорунда отчет жазбоого милдеттүү. «Ишемби күнү алардын үй-бүлөгө көңүл бурууга убактысы жок, отчет жазышат. Алардын айлыгы аз, отчеттордон бошотуу зарыл. Биз санариптештирүү тууралуу айтып жатабыз, а бул убакта отчет толтуруу — абдан казык. Алар кагаздар менен алек болбошу керек», - деди Сурабалдиева.

Ошондой эле депутат окуучуларды жол кире төлөөдөн бошотууну сунуштады.

«Балдар акча төлөбөшү керек. Окуучуларды жол кире төлөөдөн бошотуу керек», - деген Сурабалдиева өнүккөн өлкөлөрдө окуучулар үчүн транспорт маселеси чечилгенин белгиледи.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up