Депутат билим берүү министринин кайсы орун басары курмандыкка чалынышы керектигин айтты

Билим АКИpress - Коррупция Билим берүү жана илим министрлигинен башталат. Бул тууралуу 11-сентябрда Жогорку Кеңеште Каныбек Исаковдун билим берүү министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан жыйында депутат Евгения Строкова (КСДП) билдирди.

Ал билим берүү министринин орун басарларына көңүл бурууну сунуштады.

«Коррупция алманын ичинен чыккан курттай болуп, билим берүүнү ичинен жеп койду. Ал министрликтен башталат. Орун басарлар тууралуу ойлонуп көрүш керек. Сиз мурунку проректоруңуз Кудайберди Кожобеков менен иштешкенсиз [ред.: Кожобеков — азыр билим берүү жана илим министринин орун басары], бирок ал Гүлмира Кудайбердиева менен тыгыз иштешкен [ред.: мурунку билим берүү жана илим министри]. Сиз аны курмандыкка чалышыңыз керек», - деп кеңеш берди Строкова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up