Кеминдеги географ мугалимдин жаркын элесине арналган кабинет ачылды

Билим АКИpress - Кемин районуна караштуу Б.Юнусалиев атындагы Кичи-Кемин орто мектебинде эмгектенген Токонай Абдымуталипованын жаркын элесине арналган география кабинети ачылды. Бул тууралуу аталган мектептин мугалимдери билдирди.

«Маркум Токонай Абдымуталипова эжебиздин балдары анын жаркын элесине арнап, география кабинетин 130 миң сомго жасалгалап беришти. Мектеп администрациясы Токонай эженин балдарына ыраазычылык кат тапшырып, ошол күнү аталган кабинетте ачык саат өтүлдү», - деп билдиришти алар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up