Ак-Талаадагы балдар билим берүү борбору 425 окуучуну кабыл алды (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы балдар билим берүү борборуна 2019-2020-окуу жылында 425 окуучу кабыл алынды. Бул тууралуу аталган борбордун директору Айнура Баязова билдирди.

Бүгүн, 11-сентябрь күнү Баетов айылындагы балдар билим берүү борборунун 2019-2020-окуу жылына карата ачылыш аземи болуп өттү. Ага борбордун директору Айнура Баязова, райондук билим берүү бөлүмүнүн методикалык кабинетинин башчысы Чынар Сатындиева, борбордун мугалимдери жана окуучулары катышты.

Борбордо жалпысынан 14 ийрим боюнча билим берилет жана 16 мугалим эмгектенет.

Окуу жылына кабыл алуу аземинде республикалык балдар жана өспүрүмдөрдүн жаратылышты таануу жана туризм борбору тарабынан республикалык деңгээлде уюштурулган «Эрдиктердин изи менен» аттуу сүрөт сынагында 1-орунду ээлеген Эрлан Таалайбеков борбордун жана «Өлбөс полк — Кыргызстан» кыймылынын ардак грамоталарына, баалуу белектерине ээ болду. Ошондой эле аталган сынакка активдүү катышкандыгы үчүн Канат Рысбеков менен Манас Тагаев ыраазычылык кат жана баалуу белек менен сыйланышты.

Азем окуучулар тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен коштолду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up