Көлгө чөгүп жаткан баланы сактап калган кочкорлук окуучу РИИБдин ыраазычылык каты менен сыйланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин окуучусу Мирлан Биримкул уулу РИИБдин ыраазычылык каты менен сыйланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

2019-жылдын август айында Ысык-Көлдө эс алып жатып, сууга чөгүп бараткан өспүрүмдү 9-класстын окуучусу куткарып калган. Кочкор РИИБи Мирлан Биримкул уулун адамдын өмүрүн сактап калууда тайманбастыгы жана көрсөткөн эрдиги үчүн ыраазычылык кат менен сыйлады.

Ошондой эле ага сууда сүзүүнү үйрөткөн мугалими Замир Алдаяров жаш муундарды тарбиялоого кошкон салымы үчүн Кочкор РИИБдин ардак грамотасы менен сыйланды. Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын инспекторлору мектеп окуучуларын Мирландан үлгү алып, кыргыздын мекенчил уулдарынан болууга үндөштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up