Техника-экономикалык колледжинде 1-курстагы студенттердин ата-энелери чогулушту

Билим АКИpress - Бүгүн, 11-сентябрда К.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин алдындагы Техника-экономикалык колледжинде 1-курстун студенттери жана алардын ата-энелери менен жалпы чогулуш болуп өттү. Бул тууралуу аталган колледжден билдиришти.

Жыйында ата-энелерге колледж жөнүндө видеотасма көрсөтүлдү. Ошондой эле 1-курстун мугалимдери, кураторлору менен таанышышты. Алар колледждин жоболору, ректордун буйруктары тууралуу маалымат алышты. Иш-чара суроо-жооптор менен коштолуп, соңунда ата-энелер комитети түзүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up