Резюме — Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков

Каныбек Исаков
Каныбек Исаков

Билим АКИpress - Каныбек Исаков 11-сентябрда билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

К.Исаковдун талапкерлиги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тарабынан көрсөтүлдү.

Исаков Каныбек Абдуваситович

Туулган жылы, күнү: 1969-жыл 4-июнь

Туулган жери: Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Жаңы-Ноокат айылы

Билими

- 1976-1986-жылдары — Ноокат районундагы орто мектеп;

- 1987-1993-жылдар — Ош мамлекеттик университети, кыргыз филологиясы факультети, адистиги: кыргыз тили жана адабияты;

- 2001-жылы «Б.Сарногоевдин поэтикалык дүйнөсү» темасында кандидаттык диссертациясын жактаган;

- 2011-жылы «Кыргыз тамсилинин башталышы, түзүлү процесси жана жаратылышы» темасында доктордук диссертациясын жактаган.

Эмгек жолу

- 1986-жылы — «Бел-Өрүк» колхозу, кызматкер;

- 1988-1990-жылдары — Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн;

- 1990-1993-жылдары — Ош мамлекеттик университетинде окуусун уланткан;

- 1993-жылы — ОшМУ, кыргыз филологиясы факультетинин тил таануу кафедрасында окутуучу;

- 1997-жылы — ОшМУ, кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары;

- 1998-жылы — ОшМУ, ректордун тарбия иштери боюнча орун басары;

- 1999-жылы — ОшМУ, ага окутуучу;

- 2002-жыл — ОшМУ, доцент;

- 2005-жыл — ОшМУ, мамлекеттик тил боюнча проректор;

- 2006-2011-жылдар — Ош гуманитардык-педагогикалык институту, ректор.

- 2011-жыл — ОшМУ, ректор.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up