Премьер Абылгазиев Билим берүү министрлигинин жамаатына жаңы министр Исаковду тааныштырды

Билим АКИpress - Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Билим берүү жана илим министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр болуп дайындалган Каныбек Исаковду тааныштырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Өкмөт башчы айткандай, атаандаштыкка жөндөмдүү заманбап билим берүү тутумун түзүү мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп саналат.

«Өнүгүү үчүн, ири сырьелук ресурстары жок өлкөлөр үчүн, билим берүүнүн сапаты жана инсандык потенциалды ишке ашырууга шарттарды түзүү өзгөчө маанилүү маселе болуп саналат», - деп белгиледи М.Абылгазиев.

Ал белгилеп өткөндөй, билим берүү тутумунда маанилүү реформаларды ишке ашыруу үчүн маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, инновацияларды киргизүү жана билим берүүгө инвестиция салууну активдештирүү зарыл.

«Ошондой эле мугалимдердин айлык акысын көбөйтүү, алардын социалдык маселелерин чечүү жана билим берүү мекемелеринде заманбап материалдык-техникалык базаны түзүү жолу менен билим берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зор мааниге ээ. Биз билим берүүгө каражат жумшоо аркылуу келечекке салым кошобуз. Билим берүүгө жумшалган ар бир сом келечекте ийгиликтүү экономика жана күчтүү социалдык чөйрөнү камсыз кылат», - деп ырастады М.Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн коом жана рынок мугалимдерге, биринчи кезекте чыгармачыл мамиле жана тутумдуу ой-жүгүртүүгө байланыштуу жогорку талаптарды коюуда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up