Баткендеги Кыштут мектебинин окуучулары жараксыз имаратта билим алууну улантууда (сүрөт)

Билим АКИpress - Баткен районунун Кыштут айылындагы эски мектептин имараты 2007-жылы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан билим алууга жараксыз деп табылган. Бирок окуучулар бул мектепте окууну улантып келишет.

Аймактык кабарчынын маалыматы боюнча, мектептин полдору тешилип, жаан жааганда үстүнөн суу өтөт. Жергиликтүү эл өткөн жылы мектептин дубалдарында жаракалар пайда болгондо кооптонуп, мектепке балдарын жөнөтпөй коюшкан. Айрымдары балдарын кошуна айылдагы мектептерге которушса, шарты жоктор кооптуу мектепте билим алууга аргасыз.

Кыштут орто мектебинин жамааты 2005-жылы жаңы имарат курула турган болуп, бирок кандайдыр себептерден улам иш башталбай калганын айтышат. Мугалимдер өз күчү менен мектептин жыртык-тешигин жамап, билим берүүнү улантууда.

Кыштут орто мектебинин имараты 1971-жылы ашар жолу менен курулган.

Мектептин директору Рахматтилла Сабировдун айтымында, ал кайрылбаган, айтпаган бийлик өкүлдөрү калган жок.

Баткен облусунда 235 мектеп болсо, алардын ичинен 22 мектептин имараты авариялык абалда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up