Нарындагы мектептерге 167 миң 579 жаңы окуу китеби келди (сүрөт)

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Нарын облусунун жалпы билим берүүчү мектептерине 5-6-класстар үчүн 167 миң 579 жаңы окуу китептери берилди. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунун кызматкери Жазгүл Акматова аймактык кабарчыга билдирди.

Эми окуучулар жаңы окуу китептери менен окуй башташат. Мындан сырткары мугалимдер үчүн жаңы усулдук колдонмолор да таратылды.

Нарын облусунда 141 орто мектеп бар.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up