Кара-Суудагы мугалимдер 6 жаштагы балдарды мектепке даярдоо боюнча талкуу жүргүзүштү

Билим АКИpress - Бүгүн, 13-сентябрда Кара-Суу районундагы мектептерде 480 сааттык «Наристе» программасы менен иштеп жаткан мугалимдердин усулдук күнү болуп өттү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Иш-чарага 135 мугалим катышып, окутуу программасы боюнча талкууларды жүргүзүп, сунуштарын айтышты. Иш-чаранын максаты — билим берүүнүн сапатын жогорулатуу менен мектепке келген балдарга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу.

Ошондой эле усулдук күндө «Билим берүү — жалпыга» программасынын алкагында 6 жаштагы балдарды мектепке даярдоону камсыздоо боюнча талкуу жүрдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up