Окуучуларга сабактарды тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү керек, - депутат

Билим АКИpress - Окуучуларга жөндөмүнө, каалоосуна жараша сабактарды тандоо мүмкүнчүлүгүн берүү керек. Бул тууралуу КСДП фракциясынын 13-сентябрдагы жыйынында депутат Абдывахап Нурбаев айтты.

Депутаттын айтымында, учурда мугалимдердин көп убактысы кагаздарды толтурууга кетип жатат. «Мугалимдердин милдети окуучуларды окутуп, аларга таалим-тарбия берүү эмеспи. Бирок тилекке каршы, бүгүнкү күндө мугалимдер көп убактыларын кагаздарды толтуруу менен өткөрүүдө. Муну мугалимдер айтып, нааразы болуп жатышат. Иш кагаздарын жүргүзүү электрондук форматка өткөрүлүп жатканда, эмнеге мугалимдер кагаздарды толтуруп жүрөт? Качан мугалимдер да электрондук негизде толтура башташат?», - деди А.Нурбаев.

Билим берүү министри Каныбек Исаков учурда мектептердеги иш кагаздарын жүргүзүүнү электрондук форматка өткөрүү ишке ашырылып жатканын, толук ишке ашканда мугалимдер да электрондук форматка өтүшөрүн билдирди.

А.Нурбаев ошондой эле мектептердеги жогорку класстардын окуучуларына эркиндик берип, өздөрү каалаган предметтерди окуусуна мүмкүнчүлүк берүү зарылдыгын айтты. «Жогорку класстын окуучуларына жөндөмүнө, өздөрүнүн каалоосуна, тандоосуна жараша каалаган сабактарын окуусуна мүмкүндүк беришибиз керек. Антпесе, азыр мектепке барган 10-11-класстын окуучулары азаюуда. Эгерде тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса келечектеги адистигин, университетти тандоого да жеңил болот, кесибин тандоодо жаңылышмак эмес. Программада бар деп эле балдар каалабаса да кыйнап, мажбурлап сабактарды окута берүү туура эмес», - деди эл өкүлү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up