Кыргыз тилчи мугалимдердин билим деңгээли начар болуп жатат, - депутат Н.Каримов

Билим АКИpress - КСДП парламенттик фракциясынын 13-сентябрдагы жыйынында депутат Нодирбек Каримов мектептердеги мугалимдердин билими канчалык деңгээлде сапаттуу экенине кызыкты.

Анын айтымында, окуучулар кыргыз тилин жакшы өздөштүрүп кете албай, кыйналууда.

«Аймактардагы мектептерде предметтик мугалимдер жетишпейт. Айрыкча химия, биология, физика тармагындагы мугалимдер жокко эсе. Республика боюнча кайсы мектептерде мугалимдер жетишпесе, толуктоо керек. Бул министрликтин биринчи кезектеги милдети. Ошону менен бирге мектеп мугалимдерине жакшы шарттарды түзүп берүү керек.

Орус, өзбек тилдүү мектептерибиз бар. Ошол мектептерде кыргыз тили сабагын окуткан мугалимдердин билим деңгээли начар болуп жатат. Окуучуларыбыз кыргыз тилин жакшы өздөштүрүп кете албай, кыйналууда. Ушул маселени да карап чыгып, чечүү зарыл», - деди Н.Каримов.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up