Кыргызстанда 17 гана мектеп авариялык абалда дегенге ишенбейм, - депутат Р.Момбеков

Билим АКИpress - Кыргызстанда жалпы 17 гана мектеп авариялык абалда деген маалыматка ишенбейм. Мындай пикирди депутат Рыскелди Момобеков КСДП парламенттик фракциясынын билим берүү тармагындагы маселелерди караган 13-сентябрдагы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы мектептердин жарымы авариялык абалда.

«Өзүңөрдүн отчётуңардын биринчи барагында учурда 17 мектеп авариялык абалда деп жатасыңар дагы, экинчи барагында авариялык мектептердин саны 2017-жылы 193 деп жатасыңар. Биз кайсынысына ишенебиз? 17 мектепти кандай критерийлердин негизинде аныктап чыктыңар? Бул мектептер дагы контейнер мектептин деңгээлине жетип калгандарбы?

Былтыр Чоң-Алайга барганбыз. Ошол жерде Ачуу-Суу деген айыл бар. Мектебинин сыртынан карасаң ичи, ичинен карасаң сырты көрүнөт. Ал авариялык мектеп. Эмне үчүн авариялык мектептердин тизмесинде жок? Же ал жактан депутат жок болгондуктан тизмеде жокпу? Ар бир класста бирден меш турат. Союз учурунда чабандар койлор козу салып койбосун деп меш койчу. Азыр балдар меш менен окуп жатышат. Андыктан Каныбек Абдуваситович, ушул Чоң-Алайга барып, мектептерди көрүп келсеңиз.

Анан Чаткал, Ак-Талаа деген бар. Мына ушул 3 райондун Жогорку Кеңеште өкүлү жок. Мектептеринин тең жарымы авариялык абалда», - деди Момбеков Мамкурулуш агенттигинин өкүлүнө кайрылып.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up