Кочкордогу Т.Курткаев мектебинин директору болуп Чынара Шакирова дайындалды

Чынара Шакирова
Чынара Шакирова

Билим АКИpress - Нарын облусунун Кочкор районундагы Таалайбек Курткаев атындагы орто мектебинин директору болуп Шакирова Чынара Баатырбековна дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептин эмгек жамааты билдирди.

Ч.Шакирова 1981-жылы Кочкор районундагы Мантыш айылында төрөлгөн. 1998-жылы Кызыл-Дөбө орто мектебин аяктап, И.Арабаев атындагы КМПУнун физика жана математика факультетине кабыл алынып, 2003-жылы жогорку билимге ээ болгон.

Алгачкы эмгек жолун өзү билим алган Кызыл-Дөбө орто мектебинде мугалим болуу менен баштаган. 2011-2019-жылдар аралыгында бир катар ийгиликтерге жетишкен. Анын окуткан окуучулары райондук жана облустук предметтик олимпиадаларда 1-2-орундарды ээлеп келишкен.

Облустук жана райондук деңгээлде өткөн семинарда көрсөтмөлүү сабактарын өтүп, өзүнүн тажрыйбаларын жайылтып келет. Анын эмгеги бааланып, райондук билим берүү бөлүмү тарабынан диплом жана грамоталар менен сыйланган.

Ч.Шакирова үй-бүлөлүү, 2 кыз, 1 уулдун энеси.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up