Ак-Суу райондук спорт мектептин жетекчиси болуп Алмаз Усупов дайындалды

алмаз усупов
алмаз усупов
// Turmush

Билим АКИpress - Ак-Суу райондук балдар-өспүрүмдөр спорттук мектебинин директору болуп Алмаз Усупов дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Усупов буга чейин Ысык-Көл облустук футбол федерациясын жетектеп келген.

Усупов Алмаз Сабврбекович

Туулган жылы: 15.01.1079

Үй-бүлөлүк абалы: үй-бүлөлүү

Билими: жогорку

- 1996-2001-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин тарых факультетинде окуган;

- 2004-2006-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетинде билим алган.

Эмгек жолу:

- 2002-2014-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде дене тарбия мугалими;

- 2014-2018-жылдары К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде дене тарбия кафедрасынын башчысы;

- 2012-жылдан ушул күнгө чейин Футбол федерациясынын Ысык-Көлдөгү жетекчиси болуп эмгектенген.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up