Буденовка орто мектебинде озон катмарынын адам үчүн зарылдыгы талкууланды

Билим АКИpress - Ысык-Ата районунун Буденовка орто мектебинде «Озон катмарын коргойлу» аттуу семинар болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Семинарга райондогу бардык мектептердин директорлорунун тарбия иштери боюнча орун басарлары, райондук билим берүү башкармалыгынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, айылдык кеңештин депутаттары, ата-энелер комитети, түрк жана дуңган диаспораларынын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада озон катмарынын адам үчүн зарылчылыгы талкууга алынды. Семинарды алып барган Озон борборунун адистери Ж.Дүйшөнова, К.Муканова жана Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери К.Жунушалиева тарабынан мектеп окуучулары үчүн сынактар уюштурулуп, белектер берилди. Ал эми катышуучуларга сертификат жана көргөзмө куралдар тапшырылды

Иш-чаранын соңунда Буденовка орто мектебин экологиялык маанидеги пилоттук мектептердин
катарына киргизүү максаты коюлду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up