Баетов айылындагы мектепте коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу аталган мектептин директору Астра Токтогулова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, аталган мектепте Т.Усубалиевдин 100 жылдыгына карата тарых мугалимдери жана мектеп парламенти тарабынан жолугушуу кечеси уюштурулуп, ага акимдин орун басары Кенжегүл Карагулова, райондук токой чарба бөлүмүнүн башчысы Рысбек Каналиев, айылдык кеңештин депутаты Курманбек Абакиров, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалимдери Айна Осмонова, Акин Токтосунова жана ардагер Жээнбек Борсунбаев катышты.

Кеченин жүрүшүндө окуучулар тарабынан Т.Усубалиев туурасында сахналаштырылган чакан драмалар, ыр-бийлер аткарылды. Ошондой эле коомдук ишмер Т.Усубалиевдин балалык кези, үй-бүлөсү, өмүр таржымалы, ишмердүүлүгү, тарыхта алган орду, өлкө үчүн жасаган иштери жана башка туурасында баяндамалар окулду.

«Коомдук ишмер Турдакун Усубалиев атабыздын 100 жылдыгына карата уюштурулган жолугушуу кечеси окуучуларга абдан жакшы таасир берди. Атабыздын 100 жылдыгын белгилөө мектеп ичинде 2-сентябрда эле башталган. Жолугушуу кечелер, тегерек столдөр жана башка бир топ иш-чаралар жыл аягына чейин байма-бай өткөрүлүп турмакчы», - деди А.Токтогулова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up