Сокулуктагы билим берүү кызматкерлери кыргыз тилин даңазалашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук райондук маданият үйүндө Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Шопоков шаарындагы Экология-экономикалык мектеп-лицейинин кыргыз тили мугалими Толгонай Токтоналиева аймактык кабарчыга маалымдады.

Иш-чарага КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын башкы адиси С.Толукбаева, Билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Г.Ибраимова, Мугалимдер конгрессинин төрагасы Жумашалы уулу Съездбек, «Билим ордо» фондунун директору Т.Кадыркулов, Чүй облустук усулдук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Сүйүндүков, раймамадминистрациянын башчысынын орун басары Т.Ракимбаева жана райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, айыл өкмөттүн өкүлдөрү, мектеп директорлору, мугалимдер, мектепке чейинки мекемелердин тарбиячылары, окуучулар катышты.Анда Сокулук районунда 30 жылдан ашык кыргыз тили сабагынан билим берген мугалимдер жолугушкан.

«23-сентябрда кыргыз тили мыйзамынын кабыл алынганына 30 жыл толот. Өтүлгөн иш-чара кыргыз тилин даңазалоо менен бирге ардагер мугалимдердин жолугушуусуна негиз түздү. Мындай идеяны райБББнүн жетектөөчү адиси З.Абыканова эжейибиз көтөргөн. Аны кыргыз тилчи мугалимдер колдогонбуз. Иш-чарага иш тажрыйбасы 30 жылдан ашкан 12 ардагер мугалим келишти. Алар тилибиздин ыйыктыгын, Манастын, Чыңгыздын тили экенин баса белгилешти. Ошондой эле «Наристе», «Татынакай», «Алтын уя» жана башка бала бакчалардын тарбиялануучулары концерттик программа тартуулашты. Келген ардагер мугалимдерге эстелик белектер тапшырылды. Бул кыргыз тили мыйзамынын 30 жылдыгына арналган салтанат көп тармактуу түшүнүктү камтыганын айта кетүү зарыл. Ардагер мугалимдердин улуу сөздөрүн уктук, кыргыз тили жөнүндө айткан салмактуу сөздөрүн акылыбызга түйдүк. Алар жаш мугалимдерге үлгү болуу менен бир кездеги мектеп турмушун эске салышып, кесиптештерин да эстешти, окуучуларына ыраазычылыгын билдиришти. Ошондой эле катышуучуларга улуттук кийимдердин үлгүлөрү да көрсөтүлүп, элдик каада-салттар чагылдырылды», - деп айтып берди Т.Токтоналиева.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up