Камышановка мектебинин 600 окуучусуна ысык тамак бериле баштады (сүрөт)

// АКИpress

Билим АКИpress - Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Камышановка айылындагы орто мектепте 600 окуучуга ысык тамак бериле баштады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган мектептен билдиришти.

«Билим берүү министрлиги менен БУУнун Азык-түлүк программасы жана "Гуд Нейборс Интернешнл" уюуму биргеликте аткарган иштеринин натыйжасында ысык тамак берилди. Демөөрчүлөрдүн эсебинен суу санитардык коммуникациясы, саркынды суу кетчү жай, электр жабдыктары толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөн.

Жергиликтүү бийлик менен демөөрчүлөрдүн каржылоосу астында мектептин ашканасы заманбап үлгүдөгү эмеректер, чарбалык меш, керектелүүчү буюмдар менен камсыздалды», - деп айтылат маалыматта.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up