Кочкордогу мектепте мамлекеттик тилдин азыркы абалы талкууланды (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы К.Темиров атындагы орто мектебинде «Улуттун байлыгы — эне тили» аттуу конференция ѳткѳрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн окуу-методикалык кабинетинин башчысы Астра Асаналиева билдирди.

Конференцияга райондогу мектептердин кыргыз тили жана адабияты сабагын окуткан мугалимдер, окуучулар катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиянын мугалими, райондук кыргыз тили жана адабияты предмети боюнча методикалык секциянын жетекчиси А.Солпиева «Тил тагдыры — эл тагдыры», И.Арабаев атындагы орто мектебинин мугалими Н.Жумагулова «Орус класстарда кыргыз тилин окутуудагы кѳйгѳйлѳр жана аларды чечүүнүн жолдору», С.Исмаилов атындагы орто мектебинин мугалими К.Мамбетаипова «Окуучуларды ЖРТга даярдоонун жолдору», К.Темиров атындагы орто мектебинин мугалими К.Иманова «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: Йоттошкон тамгалардын жазылышы» деген темаларда баяндама окушту. Ошондой эле азыркы күндѳгү кыргыз тилинин абалы, кѳрнѳк-жарнактардагы каталар, «ѳ», «ү», «ң» тамгаларынын компьютерде, смартфондордо, уюлдук телефондордо пайдалануу, йоттошкон тамгаларды туура жазуу, макал-лакаптарды бурмалабай туура айтуу, окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдоодо кыргыз тилчи мугалимдердин мойнунда чоң жоопкерчилик бар экенин баса белгилешти.

Жарыш сѳзгѳ чыккан Сагынбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин мугалими Н.Жумадилов, Т.Усубалиев атындагы орто мектебинин мугалими Н.Абдрасулова баяндамада айтылган кѳйгѳйлѳрдүн үстүнѳн үзгүлтүксүз иш алып баруу керектигин белгилешти. Ал эми Кызыл-Дѳбѳ орто мектебиндеги мугалим Б.Алыкулов ар бир кыргыз тили сабагынын башталышында 3 мүнѳт туура жазуу, таза жазуу жана ар бир тамганы элементи менен жазуу, ал эми кыргыз адабияты сабагынын башталышында проза жана поэзия жанрлары боюнча иштеп жатканын айтып, жалпы конференциянын катышуучуларына сунуш айтса, Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин мугалими Жекшенбек кызы Айнура кыргыз тил сабагын кыргыз тилинин гимни менен баштоону жана ар бир окуучу гимндин текстин толук, жатка билүү керек деген сунушун билдирди.

Конференциянын экинчи бѳлүгүндѳ О.Айбашов атындагы орто мектебинин окуучусу Кенжебек кызы Айдана жана Ара-Кѳл орто мектебинин окуучусу Кулукеева Айжан «Манас» эпосунан үзүндү айтышса, К.Темиров жана А.Бостонов атындагы орто мектебинин окуучулары жаңылтмачтарды жамгырдай жаадырышты. Ал эми Калыгул Бай уулу жана К.Темиров атындагы орто мектептеринин окуучулары кыргыз акын-жазуучуларынын кыргыз тили жѳнүндѳ жазган чыгармаларын кѳркѳм окуп беришсе, Ак-Жар орто мектебинин «Жаш тилек» комузчулар тобу кыргыз күүлѳрүн чертишип, концерт тартуулашты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up