Нарындагы «Ынтымак» бала бакчасында кыргыз тили даңазаланды (видео, сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шарындагы «Ынтымак» бала бакчасында Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата кече өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага шаардык билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жана ата-энелер катышты. Кеченин жүрүшүндө аталган бала бакчада тарбияланып жаткан бөбөктөр Кыргыз Республикасынын гимнин аткарышып, кыргыз тилин даңазалаган ырларды көркөм айтышты. Ошондой эле акыйнек айтышып, кыргыздын улуттук бийлерин бийлешти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up