Мугалимдер.kg: Кесиптик-техникалык билим берүүнүн отличниги Сагынбек Чагарбаев 70 жашта (сүрөт)

Сагынбек Чыгарбаев
Сагынбек Чыгарбаев
// АКИpress

Билим АКИpress - Чүй облусунун Москва районундагы №28 Кыргыз-Россия лицейинин директору, Беловодск айылынын ардактуу атуулу, КРнын кесиптик-техникалык билим берүүсүнүн отличниги Чагарбаев Сагынбек Кудайбергенович 70 жашка толду.

Ал бүткүл өмүрүн билим берүү майданында өтөп, менеджер-жетекчи, уюштуруучу, директор кызматтарын аркалап, окуучуларынын, педагогикалык жамааттын арасында «Биздин агай» деп аталып калган. Анын жаштарга билим-тарбия берүүдөгү педагогикалык философиясын, ишмердүүлүгүн, адамдык асыл сапаттарын мугалимдер жамааты туудай көкөлөтүшөт.

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрь күнү 70 жашка толгон агайдын педагогикалык ишмердүүлүгү боюнча мугалимдер жамааты аймактык кабарчыга айтып беришти.

Алардын айтымдарында, мүнөзү токтоо, сыр сандыктай билим кенчин жан дүйнөсүнө уюткан Сагынбек агай жөнүндө кеп коломтосун козгоо сыймыктуу, ары жооптуу. Анткени көп жылдар бою балдар, мугалимдер дүйнөсүн аралап, билим бешигин терметип, кесиптик билим берүүдө түрдүү инновациялык идеялардын жарчысы болгону анын аброюн көтөрүп турат.

Ал жөнүндө кесиптеш мугалимдери мындай дешет: Биздин агай Сагынбек Кудайбергеновичтин эң башкы касиети — адамдык улуу сапатында. Залкар жазуучубуз Ч.Айтматовдун «Канткенде адам улуу адам болот?» деген философиялык ой түрмөгүнүн жандырмагын дал ушул Сагынбек агайдын өрнөктүү өмүрүнөн издөөгө болот. Дегенибиз, ал — иш билги, жөнөкөй, билимдүү, кесипкөй, уюштургуч, менеджер, психолог жана педагог. Беловодск айылындагы №28 Кыргыз-Россия лицейинин материалдык-техникалык базасын заманбап талаптарга төп келген шартта чыңдаган. Анда түрдүү профилдеги кесиптик билим алууга жол ачылган. Жаңы муундагы техкаражаттар окутуунун сапаттуулугун көтөрүүдө негиз болгон.

Ааламдашуу алкагында жаш муундар эң зарыл кесиптик билимдерди өздөштүрүүдө санариптештирүү мамилеси негизги тармак экендигин так түшүнгөн агай ар бир сабактын илимдүүлүгүнө, практикалык-лабораториялык иштердин натыйжалуулугуна өзгөчө басым жасайт. Лицейдин өздүк чарбагына түрдүү жашылча-жемиштерди өстүрүп, окуучулар анын өсүү процесстерин байкоодо теория менен практиканы айкалыштырышат. Фермер адистигин алган жаштар өз районунун айыл чарбасынын өнүгүшүнө салым кошуп келе жатышат. Мындай мисалдар ондоп саналат. Ошолордун туу чокусунда мененджер-директор Сагынбек Кудайбергенович турат.

Биз бүгүнкү баяныбызда агайыбыздын адамдык нукура талант менен жуурулушкан атуулдук улуу сапаттарынын сырын ачууга аракеттенүүдөбүз. Анын 25 жылга, тактап айтканда чейрек кылымга тете лицейдеги директорлук ишмердүүлүгү, тажрыйбасы — өзүнчө академия. Ошол директорлук академиясында өткөн күндөрү, жылдары анын жашоо күүсү. Ал күү — балдар жүрөгүнөн орун алган түбөлүктүү симфония. Педагогикалык философияга ширелген симфониясы.

Биз агайыбыз менен сыймыктанабыз. Анын өрнөктүү өмүр жолуна ак жол каалайбыз. 70 жаш кутман курак күнүңүз кут болсун, биздин агай Сагынбек Кудайбергенович!», - дешет лицейдин педагогикалык жамааты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up