Кара-Жыгачтагы «Наристе» бала бакчасында мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленди (сүрөт, видео)

Билим АКИpress - Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы «Наристе» бала бакчасында кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамына ээ болгондугунун 30 жылдыгына карата «Тил билген — дил билет» аттуу салтанаттуу кече болуп өттү. Бул тууралуу аталган бала бакчанын директору Чынара Калманбетова билдирди.

Кечеге ортоңку, жогорку жана даярдоочу тайпанын тарбиялануучулары катышып, кыргыз тилинде так сүйлөө, ырдоо, бийлөө жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүшүп, өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чарада эне тилдин улуулугу даңазаланды. Даярдоочу тайпанын балдары акыйнек, «Манас» эпосунан үзүндү айтышса, бала бакчанын мурунку бүтүрүүчүлөрү, К.Табалдинов атындагы орто мектебинин окуучулары комузда кол ойнотушту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up