Ак-Талаадагы мектептер менен бала бакчаларда мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бардык орто мектептерде жана бала бакчаларда Мамлекеттик тил күнүнүн 30 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Гүлмайрам Нурманбетова аймактык кабарчыга билдирди.

Алгач мектеп директорлору куттуктоо сөздөрүн айтып, андан сырткары окуучулар тарабынан даярдалган дубал гезиттер илинип, комуз күүлөрү чертилип, эне тилге байланыштуу көркөм ырлар окулду. «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылып, концерттик программа да көрсөтүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up