Кара-Суудагы мектептерде Мамлекеттик тил күнүнө карата сынак уюштурулду

Билим АКИpress - Кара-Суу районундагы мектептер менен бала бакчаларда Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Шухрат Юсупов билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында «Эне тилим — эртеңим» аттуу акция, «Тил — аң-сезимдин бир күзгүсү, маданият үлгүсү», «Кыргыз тилим — менин дилим» деген темаларда дилбаян жазуу сынагы уюштурулду.

Ошондой эле «Кыргыз тили кыргыз үчүн жаралган, мурас болуп бизге келген бабадан», «Эне тилим — эне сүтүм» аталышындагы адабий-музыкалык кечелер өткөрүлдү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up