Ак-Талаадагы мектептин окуучулары сармерденде таймашты (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Кызыл-Белес айылындагы С.Атамбеков атындагы орто мектебинин окуучулары сармерденге түшүштү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Нагима Токтосунова аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, коомдук ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына жана 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата аталган мектептин окуучулары сармерден оюнун уюштурушкан. Анын жүрүшүндө эне тилге байланыштуу макал-лакаптар, жаңылмачтар айтылып, кыргыз улуттук бийлери бийленип, патриоттук ырлар аткарылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up