Нарындагы №2 мектеп-гимназияга 2 миңден ашуун жаңы китептер келди (сүрөт)

Билим АКИpress - Нарын шаарындагы №2 В.Чкалов атындагы мектеп-гимназияга жаңы окуу китептери алынып келди. Бул тууралуу мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Рахат Осмонов аймактык кабарчыга билдирди.

Аталган мектепке Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 5-6-класстар үчүн жаңы чыгарылган окуу китептери бөлүнгөн. Мындан тышкары мугалимдер усулдук колдонмолор менен камсыз болду.

Мектепте окутуу орус тилинде гана жүргүзүлөт. Учурда 1 миң 900дөн ашуун окуучу билим алууда.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up