Кочкордогу мектеп-гимназияда Мамлекеттик тил күнүнө карата бир катар иш-чаралар уюштурулду (сүрөт)

Билим АКИpress - Кочкор районундагы Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында Мамлекеттик тил күнүнүн декадасынын алкагында конференция, адабий кече, «Жаш манасчы» сынагы жана концерттик программа менен коштолгон салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Үмүт Абдраимова аймактык кабарчы билдирди.

Декада мектептин кыргыз тили жана искусство усулдук бирикмеси тарабынан уюштурулган. Конференцияда бүгүнкү күндөгү тилибизге байланыштуу көйгөйлөр каралып, окуучулар тарабынан даярдалган презентациялар, видео-сюжеттер көрсөтүлүп, катышуучулар бири-бирин кыргыз тилин сактоого, кийинки муунга үлгү болуу максатында кыргызча сүйлөөгө чакырышты.

Адабий кечеде окуучулар Чыңгыз Айтматовдун «Биринчи мугалим», «Ак кеме» чыгармаларынан жана «Бугу эне» уламышынан үзүндүлөрдү чеберчилик менен аткарышты. Мындан сырткары, сахнада тилибизди даңазалаган ырлар көркөм окулуп, кыргыз бийлери аткарылды.

«Жаш манасчы» сынагына 2 команда катышып, «Манас» эпосу боюнча берилген суроолорго жооп беришти.

Декада бир жумага созулуп, анын жүрүшүндө кыргыз тилине байланышкан дубал гезиттердин жана сүрөттөрдүн көргөзмөсү уюштурулду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up