Жаңы дайындалган министр К.Исаков Таластагы авариялык мектепти көрүп чыкты (сүрөт)

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков иш сапары менен Талас районуна барып, райондогу 3 билим берүү мекемесинин абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Райондогу 100 окуучуга ылайыкташкан Балбал орто мектебинде учурда 200 бала билим алып жатат. Бирок ӨКМ 2015-жылы мектептин имараты авариялык абалда деген бүтүм чыгарган. Жаңы мектепти куруу иштери 2015-жылы башталып, пайдубалы түптөлгөн. Андан бери жумуш токтоп калган. Министр окуу жайдын курулушун жандантууну 2020-жылдын бюджетинин эсебинен ишке ашыруу планы бар экенин билдирди.

Исаков андан кийин Казак Момункулов атындагы орто мектебине барды. Билим берүү мекемесине 2018-жылы «Манас» лицей-интернаты кошулган. Интернатка быйыл дагы 50 окуучу кабыл алынып, класстык бөлмөлөр жатаканага бөлүштүрүлгөн. Учурда лицей-интернат өзүнчө жатаканага муктаж. Министр бул маселени да кийинки жылдын иш планына киргизүүгө аракет кыла турганын айтты.

Иш сапарынын аягында Исаков Талас районундагы №18 «Нагима апа» бала бакчасы менен таанышты. Мында учурда 120 бала мектепке чейинки билим алат. Министр мектепке чейинки билим берүү мекемесиндеги жакшы иштерди көрүп, тарбиячылардын эмгегине ыраазычылык билдирди.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up