Жумгалдын Жаңы-Арык айылындагы окуучулар ысык тамак иче баштады (сүрөт)

Билим АКИpress - Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы Касымбек уулу Мамбеталы атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын окуучуларына жаңы окуу жылынан баштап ысык тамак бериле баштады. Бул тууралуу аталган мектептин директору Эржан Асанов аймактык кабарчыга билдирди.

«Мерсико» уюмунун, ата-энелердин жана мугалимдердин жардамы менен мекептин ашканасы 63 миң сомго толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, керектүү жабдыктар менен камсыз болду. Уюм заманбап үлгүдөгү керектүү жабдыктар менен камсыз кылса, ата-энелер кем-карчыларын толуктап беришкен.

Учурда мектепте 130 балага ысык тамак берилип жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up